Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши  2016-жылы 14-апрелде кабыл алган

Мыйзамдын негизги максаты  «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын колдонуудагы карама-каршылыктарды жоюу болуп саналат.

Бул мыйзамда Кыргыз Республикасына кредиттерди берүү боюнча келишим эл аралык келишим болуп саналса, ал эл аралык мамилелер чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык ратификацияланууга жата тургандыгы такталат. Ал эми  Кыргыз Республикасына кредиттерди берүү боюнча келишим эл аралык келишим болуп саналбаса, Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен бекитилет.

Мыйзам расмий жарыялангандан он күндөн кийин күчүнө кирет.

2016-жыл 24-май