Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Япония эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) менен эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу Долбоору боюнча Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2015-жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Япония Өкмөтүнүн нотасына карата Кыргыз Республикасынын жооп нотасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин ортосундагы Эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу долбоору боюнча займ жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2016-жылдын 28-апрелинде кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын жооп нотасынын жана займ жөнүндө Макулдашуунун максаты – жол инфраструктурасын өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын региондорунун ортосунда үзгүлтүксүз транспорт байланышын, ошондой эле калктын кызмат көрсөтүү жана жумуш рынокторуна жакындыгын камсыз кылуу.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып, 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2016-жыл 24-май