Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши  2016-жылы 21-апрелде кабыл алган.

Мыйзамдын максаты – баалуу кагаздар рыногу жаатында карыз баалуу кагаздардын эминенттерине талаптарды жогорулатуу аркылуу инвесторлордун укуктары менен кызыкчылыктарын коргоого багытталган ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү. «Чарбалык шериктештиктер жана коомдор жөнүндө», «Акционердик коомдор жөнүндө» жана «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» мыйзамдарга облигацияларды чыгарууда эминенттерге кошумча талаптарды белгилеген оңдоолор киргизилет.

Мыйзам расмий жарыялангандан 15 күндөн кийин күчүнө кирет.

2016-жыл 23-май