Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Германия Федеративдүү Республикасы менен 2015 – 2016-жылдарга финансылык жана техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашууларды ратификациялоо тууралу Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2016-жылы 24-мартта Бишкекте кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2015 – 2016-жылдарга финансылык кызматташтык жөнүндө Макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2015 – 2016-жылдарга техникалык кызматташтык жөнүндө Макулдашууну  ратификациялоо тууралу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши  2016-жылдын 28-апрелинде кабыл алган.

Ратификацияланган макулдашууларга ылайык,  Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөндөгү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн грант  берүүгө милдеттенет:

Техникалык кызматташтык алкагында:

 - «Экономиканын туруктуу өнүгүшү» кызматташтыгынын негизги багытынын программасы, «Эмгекке орноштурууга жана кесиптик билим алууга көмөк көрсөтүү» компоненти;

 - «Экономиканын туруктуу өнүгүшү» кызматташтыгынын негизги багытынын программасы,  «Жаштар үчүн перспективалар» компоненти;

 - «Экономиканын туруктуу өнүгүшү» кызматташтыгынын негизги багытынын программасы, «Жарандык коом менен кызматташтыкта ишке ашырылып жаткан айыл чарба аймактарын өнүктүрүү долбоорлору үчүн фонд» компоненти;

Финансылык кызматташтык алкагында:

 - «Экономиканын туруктуу өнүгүшү» кызматташтыгынын негизги багытынын программасы, «Турак жай курулушун каржылоо» компоненти;

- “Саламаттыкты сактоо” кызматташтыгынын негизги багытынын программасы, «Саламаттыкты сактоо боюнча сектордук программасы V» компоненти;

 - “Саламаттыкты сактоо” кызматташтыгынын негизги багытынын программасы, «Эне менен баланын саламаттыгын сактоо IX» компоненти.

Мыйзам расмий жарыялангандан 10 күндөн кийин күчүнө кирет.

2016-жыл 23-май