Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши 2016-жылдын 6-апрелинде кабыл алган.

Кабыл алынган мыйзамдын максаты айыл өкмөт башчысынын орун басары жана айыл башчысы кызматына дайындоо маселелери боюнча карама-каршылыктарды жана дал келбестиктерди жоюу болуп саналат.

Мисалы, бул мыйзам менен  айыл өкмөт башчысынын орун басарын конкурстун жыйынтыгы менен айыл өкмөт башчысы дайындай турган муниципалдык кызматкер болуп саналары белгиленген.

Кабыл алынган мыйзам мындан тышкары “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзам ченемдериндеги  мамлекеттик жана расмий тилдердеги  айыл башчысын дайындоо жагындагы дал келбестиктерди жоюуга багытталган.

Ошондой эле кабыл алынган мыйзам менен эгер тиешелүү калк конушунан жергиликтүү кеӊешке депутаттар шайланбаган учурда айыл башчысы тиешелүү жергиликтүү кеӊештин жыйындарына, ал эми шаар кеӊешинин жыйындарына тиешелүү айылга таандык маселелер каралган кезде кеӊеш берүү добушу укугу менен катышууга акылуу экени белгиленген.

Жарлык расмий жарыялангандан 10 күндөн күчүнө кирет.

2016-жыл 18-май