Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (Салык кодекси, Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекс) Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши 2016-жылдын 14-апрелинде кабыл алган.

Мыйзамдын максаты - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы салык укук катнаштар чөйрөсүндө мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жагындагы карама-каршылыктарды жоюу.

Жарлык расмий жарыялангандан 15 күндөн күчүнө кирет.

2016-жыл 17-май