Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Суу кодексине, «Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактары жөнүндө»,«Суу жөнүндөгү»Мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (Суу кодексине, «Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактары жөнүндө», «Суу жөнүндө») Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2016-жылдын 6-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамда каралгандай, жаратылыш ресурсу катары сууну пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана тартиби Өкмөт тарабынан бекитилип, ага ылайык Жогорку Кеңеш бул ыйгарым укуктарынан бошотулат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2016-жыл 13-май