Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад областынын Сузак районунда жер көчкүдөн каза болгон Урматбек уулу Эрландын үй-бүлөсүнө көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2016-жылы 27-апрелде  Жалал-Абад областынын Сузак районунун  Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө караштуу Алмалуу-Бак айылындагы Башы участогунда болгон жер көчкүнүн кесепетинен каза болгон Урматбек уулу Эрландын үй-бүлөсүнө көңүл айтты.

Ошондой эле Мамлекет башчысы кол койгон буйрукка ылайык Президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунан Урматбек уулу Эрландын үй-бүлөсүнө  материалдык жардам  берүү үчүн 100 000 (жүз миң) сом бөлүндү.

2016-жыл 28-апрель