Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Бишкек жана Ош шаардык, Чүй облустук, Жалал-Абад облусунун Чаткал жана Ноокен райондук жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жана жиберүү жөнүндө КР Президентинин Жарлыктарына кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге Бишкек шаардык сотунун (12 адам), Чүй облустук сотунун (3 адам), Жалал-Абад облусунун Токтогул (1 адам), Чаткал (1 адам) жана Ноокен (1 адам) райондук сотторунун, Ош облусунун Ош шаардык сотунун (1 адам) судьялык кызматтарына дайындоо үчүн 19 талапкер боюнча сунуштар киргизилген.

2016-жылы 21-апрелинде Мамлекет башчысы айрым талапкерлер менен аңгемелешти. Анын жыйынтыгын жана кошумча алынган маалыматтарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Президенти аталган Кеңештин 16 талапкер боюнча сунуштарына макулдугун берди.

Ар кайсы мамлекеттик органдардан кошумча алынган маалыматтарды жана пикирлерди изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча Президент Алмазбек Атамбаев 3 талапкер боюнча материалдарды Судьяларды тандоо кеңешине кайтарып берди.

Буга байланышутуу Кыргыз Республикасынын Президенти эки жарлык чыгарды.

Биринчи жарлык менен конкурстардан тандалган 16 талапкер  Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык мөөнөт менен жергиликтүү соттордун судьялык кызматына дайындалышты: Абылов Кубат Нуралиевич; Аккозуев Талант Ниязакунович; Джеенбекова Мира Бабырбековна; Есекеев Керезбек Суеркулович; Илиязова Назгуль Асанбековна; Исабаев Санжар Мамадиярович; Кадыркулов Шекербек Мырсалиевич; Кожомбердиев Нурлан Кожомбердиевич; Койлубаев Алмаз Абдракунович; Манжиева Аида Жеңишбековна; Момуналиева Адиса Жолдошбековна; Скрипкина Ирина Ивановна; Умуркулов Таалайбек Асканович; Чериков Нурлан Кийикбаевич; Шарипбай уулу Керимбек; Эсеналиев Нурбек Канатбекович.

Экинчи жарлык менен дайындалган 16 судья судьялык ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн Бишкек шаардык сотуна, Чүй облустук сотуна, Жалал-Абад облусунун Чаткал жана Ноокен райондук сотторуна, Ош облусунун Ош шаардык сотуна жиберилди:

- Бишкек шаардык сотуна:

Аккозуев Талант Ниязакунович;

Джеенбекова Мира Бабырбековна;

Есекеев Керезбек Суеркулович;

Илиязова Назгуль Асанбековна;

Исабаев Санжар Мамадиярович;

Кожомбердиев Нурлан Кожомбердиевич;

Манжиева Аида Жеңишбековна;

Момуналиева Адиса Жолдошбековна;

Скрипкина Ирина Ивановна;

Чериков Нурлан Кийикбаевич;

Эсеналиев Нурбек Канатбекович.

- Чүй облустук сотуна:

Койлубаев Алмаз Абдракунович;

Умуркулов Таалайбек Асканович.

- Жалал-Абад облусунун Чаткал райондук сотуна:

Шарипбай уулу Керимбек.

- Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук сотуна:

Абылов Кубат Нуралиевич.

- Ош облусунун Ош шаардык сотуна:

Кадыркулов Шекербек Мырсалиевич.

2016-жыл 28-апрель