Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Күрөө жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүү киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Күрөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши 2016-жылдын 17-мартында кабыл алган.

Мыйзам 2005-жылы  12-мартта кабыл алынган № 49  “Күрөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жаңы 361-берене менен толуктайт (Күрөө менен камсыздалган карыздык эмиссиялык баалуу кагаздар). Бул берене күрөө менен камсыздалган карыздык эмиссиялык баалуу кагаздарды чыгаруу, айлантуу жана карызды жабуу талаптарын белгилейт.

Мыйзам расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Күрөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу"  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тексти менен ушул жерден таанышсаңыз болот >>>

2016-жыл 25-апрель