Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Кыргыз Республикасынын Баткен областынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз  Республикасынын Баткен областынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамдын максаты – азыркы калк компактту жайгашкан жерлерди сактап калуу жана туруктуу өнүктүрүү, калктын ички миграциясын азайтуу, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ыйгарым укуктарын ишке ашыруусу, ошондой эле республиканын аракеттеги мыйзамдарына ылайык административдик-аймактык түзмөктү тартипке келтирүү үчүн укуктук негиздерди түзүү.

Мыйзам долбоору Баткен областына караштуу Баткен районунун Бай-Карабак айыл аймагына кирген Зардалы (2014-жыл, 18-декабрь), Бай-Карабак (2014-жыл, 16-декабрь) жана Дөбө (2014-жыл, 12-декабрь) калктуу конуштарынын жашоочуларынын жыйындарынын бул калктуу конуштарга айыл макамын ыйгаруу тууралуу чечимдеринин негизинде иштелип чыккан.

Жогоруда аталган калктуу конуштарды айыл категориясына киргизүү жергиликтүү коомчулукка жергиликтүү маанидеги маселелерди өз алдынча, өз кызыкчылыктарына жараша жана өз жоопкерчилиги алдында чечүү боюнча конституциялык укуктарынан пайдаланууга, бул калктуу конуштардын натыйжалуу жана өз алдынча өнүгүшүнө өбөлгө болот.

Мыйзам расмий жарыялангандан тартып 10 күн өткөндө күчүнө кирет.

 “Кыргыз  Республикасынын Баткен областынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тексти менен ушул жерден таанышсаңыз болот >>>

 

 

2016-жыл 22-апрель