Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев «Түкүрбө! Не плевать!» акциясын колдоду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык, социалдык коргоо жана колдоо боюнча Президенттик фонддон «Түкүрбө! Не плевать!» акциясына финансылык көмөк көрсөтүү үчүн 50 000 (элүү миң) сом бөлүндү.

Мамлекет башчысы ушундай жарандык демилгелер кыргызстандыктардын аң-сезиминде сапаттык өсүүлөр болуп жатканын белгилейт, өз өлкөсүн, шаарын жана айылын ардактап сүйүү коомдо уламдан улам маанилүү күчкө айланып баратканын күбөлөйт деп эсептейт.

2016-жыл 22-апрель