Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Курал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу” Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Курал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши 2016-жылдын 10-мартында кабыл алган.

Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасында травматикалык куралды атып көрүүнү талап кылган ченемдерди мыйзамдарга киргизүү аркылуу аны жүгүртүүнү жөнөкөйлөштүрүү  болуп саналат.

“Курал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболору менен жарандык жана кызматтык куралдарды жана анын патрондорун сатуу укугу бар юридикалык тараптарды сатылган, травматикалык таасири бар сайсыз мылтыктардан атылган окторду жана жездерди мамлекеттик ок-жез сактоочу жайга өткөрүп берүүнү милдеттендирген ченемдер киргизилген. Мындан тышкары тийиштүү тартипти ички иштер органдары эмес, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилөө каралган ченемдер да киргизилген.

Мыйзам расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Курал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тексти менен ушул жерден таанышсаңыз болот >>>

2016-жыл 19-апрель