Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши 2016-жылдын 10-мартында кабыл алган.

Бул мыйзам «Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-2-беренесине (жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия кармап туруу үчүн төлөм) «Эгер лицензияланган аянт же анын бөлүгү айылдык аймактын, шаардын чек араларына кирбесе, анда бул аянттагы жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап туруу үчүн төлөмдөр республикалык бюджетке жөнөтүлөт» деген толуктоо киргизилет.

Мыйзам расмий жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 «Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тексти менен ушул жерден таанышсаңыз болот >>>

2016-жыл 18-апрель