Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Кыргыз Респуб ликасынын Жогорку Кеңеши бул мыйзамды 2016-жылдын 16-мартында кабыл алган.

Камакка алуу жайларында экстремисттик багыттагы үгүт иштерин жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн азайтуу үчүн экстремисттик жана террористтик кылмыштар үчүн абакка кесилгендерди бөлүп кармоону камсыз кылуу – бул мыйзамдын максаты.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тексти менен ушул жерден таанышсаңыз болот >>>

2016-жыл 18-апрель