Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (“Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизациялоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Регламенти жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Коргоо кеӊеши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Мыйзамга кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши 2016-жылдын 10-мартында кабыл алган.

Мыйзамдын максаты “Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизациялоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Регламенти жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Коргоо кеӊеши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболорун  “Кыргыз Республикасынын коргонуу жана Куралдуу күчтөрү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболоруна шайкеш келтирүү болуп саналат.

Жогорку Кеӊеш кабыл алган мыйзамдын жоболоруна ылайык, жогоруда аталган мыйзамдардын тексттериндеги мурдагы Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын аталышы жаӊы түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабы деп өзгөртүлөт. Бул өзгөртүүлөр редакциялык мүнөзгө ээ.

Мыйзам расмий жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тексти менен ушул жерден таанышсаңыз болот >>>

2016-жыл 18-апрель