Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Ишкердиктин субъекттерин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Ишкердиктин субъекттерин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши тарабынан 2016-жылдын 3-мартында кабыл алынган.

Бул мыйзам 2007-жылы 25-майдагы № 72 Кыргыз Республикасынын Мыйзамына бир катар оӊдоолорду камтуу менен, ишкердик субъекттердин укуктарын коргоону күчөтүүгө, текшерүүлөр учурунда боло турган коррупциялык механизмдерди жоюуга, аракеттеги Мыйзамдын ченемдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келтирүүгө багытталган.

Мыйзам расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Ишкердиктин субъекттерин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тексти менен ушул жерден таанышсаңыз болот >>>

2016-жыл 15-апрель