Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Автомобиль транспорту жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр кигизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Автомобиль транспорту жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши бул Мыйзамды 2016-жылдын 3-мартында кабыл алган.

Башкаруу рулу оң жагында жайгашкан транспорттук каражаттардын коммерциялык максаттарда жүргүнчүлөрдү, жанжүктөрдү жана башка жүктөрдү ташуусуна тыюу салууну кийинкиге калтыруу – Мыйзамдын максаты.

Кабыл алынган мыйзам боюнча башкаруу рулу оң жагында жайгашкан транспорттук каражаттардын коммерциялык максаттарда жүргүнчүлөрдү, жанжүктөрдү жана башка жүктөрдү ташуусуна тыюу салуу каралган “Автомобиль транспорту жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 6-бөлүгүнүн күчүнө кирүү мөөнөтү  2016-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 1-январына жылдырылды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

“Автомобиль транспорту жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тексти менен ушул жерден таанышсаңыз болот>>>

 

 
2016-жыл 14-апрель