Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти “Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Кенеши 2016-жылдын 3-мартында кабыл алган.

Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын инвентаризациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жүргүзгөн иштин алкагында “Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жакшыртуу бул Мыйзамдын негизги максаты болуп эсептелет.

Мыйзам расмий жарыялангандан тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2016-жыл 12-апрель