Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндө Кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  “Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндө Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Кенеши 2016-жылдын 3-мартында кабыл алган.

Кабыл алынган Мыйзам жолдо жүрүүнүн коопсуздугун камсыз кылууга, көчөлөрдүн жана жолдордун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жакшыртууга, жол тартибин бекемдөөгө, Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндө Кодексиндеги кемчиликтерди четтетүүгө  багытталган.

Бул максаттарда административдик жоопкерчилик жөнүндө Кодексине “Транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуциялоо жана дөңгөлөктүн блокираторлорун же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонуу” деп аталган жаңы 568-берене киргизилет, ал эми 235 - берененин  эскертүүсүнө мажбурлап эвакуациялоо жана дөңгөлөктүн блокираторлорун колдонуу тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаарын тастыктаган толуктоо киргизилди.

Мыйзам расмий жарыялангандан тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2016-жыл 12-апрель