Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2016-жылга бюджети жана 2017-2018-жылдарга божомолу жөнүндө” мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2016-жылга бюджети жана 2017-2018-жылдарга божомолу жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан 2016-жылдын 3-мартында кабыл алынган.

Мыйзам Социалдык фондунун 2016-жылга бюджетинин жана 2017-2018-жылдарга бюджетинин божомолунун негизги параметрлерин аныктоо максатында кабыл алынган.

Мыйзамда Социалдык фондунун 2016-жылга бюджети бекитилген, 2017-2018-жылдарга бюджетинин божомолу жактырылган.

Кабыл алынган Мыйзамда:

- Социалдык фондунун 2016-жылга бюджети кирешелер боюнча 42885485,9 миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 42283013, 9 миң сом суммасында бекитилген;

- Социалдык фондунун 2017-2018-жылдарга бюджетинин божомолу кирешелер боюнча 45529400,7 миң сом жана 48754464,9 миң сом өлчөмүндө, ал эми чыгашалар боюнча 45178882,6 миң сом жана 48672929,7 миң сом өлчөмүндө жактырылган;

- Социалдык фондунун 2016-жылга бюджетинин профицити 602472,0 миң сом көлөмүндө белгиленди.

Мыйзам 2016-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

2016-жыл 11-апрель