Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Жергиликтүү соттордун айрым судьялары өз каалоосу менен мөөнөтүнөн мурда кызматтарынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Т.К. Абыкеев жөнүндө», « М.Ш.  Чокоев жөнүндө» Жарлыктарга кол койду.

Жарлыктарга ылайык, Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо кеңешинин сунушу менен, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык токтом кылынат:

Төмөнкүлөр өз каалоосу менен мөөнөтүнөн мурда кызматтарынан бошотулсун:

- Абыкеев Талайбек Капарович Ысык Көл облусунун Жети-Өгүз райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьялык кызматынан;

- Чокоев Медетбек Шалпакович Талас облусунун Кара-Буура райондук сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьялык кызматынан.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.  

2016-жыл 9-апрель