Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (“Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу  тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи  курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө” жана “Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө” мыйзамдарга) Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши тарабынан 2016-жылдын 3-мартында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты “Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу  тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи  курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө” жана “Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын ченемдерин “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын чектик штаттык саны жөнүндө жана эмгек акы шарттары тууралу” Мыйзамынын 1-беренесине ылайык келтирүү жана жазык-аткаруу  тутумунун органдарында жана мекемелеринде кызмат өтөө маселелери боюнча айрым жоболорду тактоо болуп саналат.

Мыйзам расмий жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2016-жыл 8-апрель