Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан  2016-жылдын 18-февралында кабыл алынган.

Мыйзам жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан текшерүүлөрдүн бирдей тартибин белгилөө, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерине мыйзамсыз кийлигишүүдөн алардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо максатында иштелип чыгып, кабыл алынган.

Мыйзам расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2016-жыл 6-апрель