Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан  2016-жылдын 18-февралында кабыл алынган.

Мыйзам жергиликтүү мамлекеттик админстрациялардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын администрациялык укук бузууларды кароо боюнча администрациялык комиссияларын түзүү жана иш тартибин, алардын ыйгарым укуктарын, статусун бир беткей аныктоону камсыздоого багытталган.

Мыйзам расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2016-жыл 6-апрель