Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев 7-апрелди жумуш эмес майрам күн деп жарыялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 6-апрелде “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, “7-апрель – Элдик апрель революциясы күнү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бүгүн, 2016-жылдын 6-апрелинде кабыл алынды.

Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

Маалымат иретинде: Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий сайтына жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

Ошондой эле бул Мыйзам мамлекеттик расмий «Эркин тоо» газетасына эртең,  2016-жылдын  7-апрелинде жарыяланат.

Демек, эртең, 2016-жылдын  7-апрели жумуш эмес майрам күнү болуп саналат.

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, “7-апрель – Элдик апрель революциясы күнү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тексти менен ушул жерден таанышсаңыз болот>>>

2016-жыл 6-апрель