Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан 2016-жылдын 3-мартында кабыл алынган.

Айыл чарбасында ветеринардык-санитардык ченемдерге  жана эрежелерге залакасы тийген  айрым укук бузуулар үчүн администрациялык айып салуулардын көлөмүн жогорулатуу жана тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын компетенциясын тактоо Мыйзамдын максаты болуп саналат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып, он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

 

2016-жыл 1-апрель