Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө жана альтернативдик кызматтар жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан 2016-жылдын 17-февралында кабыл алынган.

Алгачкы аскерий жыйындарда жана альтернативдик кызматта жүрүшкөн жарандардан түшкөн төгүмдөрдүн суммасынын 10 пайызын атайын эсепке которуу жолу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясын материалдык-техникалык жактан камсыздоону арттыруу бул Мыйзамдын максаты.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып, он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2016-жыл 30-март