Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу” КР Мыйзамына кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу” КР Мыйзамына кол койду.

Мыйзам  Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңеши тарабынан  2016-жылдын 17-февралында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты  Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын Өкмөт тарабынан жүргүзүлүп жаткан инвентаризациялоо алкагында “Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын өркүндөтүү  болуп саналат.

Мыйзам расмий жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2016-жыл 28-март