Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Акционердик коомдор жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Акционердик коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан 2016-жылдын 18-февралында кабыл алынган.

Мыйзам акционердик коомдор тарабынан дивиденддерди төлөөнүн мөөнөттөрүн жөнгө салат, акционердик коомдордун директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча процедураларды тартипке салат, алардын сандык курамын тактайт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2016-жыл 25-март