Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Айрым мыйзам актыларына лицензиялоону жүзөгө ашыруу бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамына кол койулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Айрым мыйзам актыларына лицензиялоону жүзөгө ашыруу бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам  Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңеши тарабынан  2016-жылдын 18-февралында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты – аракеттеги 9 мыйзамдын ченемдерин “Кыргыз Республикасында лицензиялоо-уруксат берүү системасы жөнүндө”  Мыйзамга шайкеш келтирүү жана лотерея мыйзамын өркүндөтүү.

Мыйзам төмөнкү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт:

- «Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө» Мыйзам, 

- «Кооптуу жүктөрдү ташуунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Мыйзам,

- «Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Мыйзам,

- «Ташуучунун жүргүнчүлөр алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Мыйзам,

- «Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Мыйзам, 

- «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» Мыйзам,

- «Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жөнүндө» Мыйзам,

- «Кыргыз Республикасында топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө» Мыйзам,

 - «Лотереялар жөнүндө» Мыйзам.

Мыйзам расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

2016-жыл 25-март