Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Жалал-Абад, Ош жана Чүй облустарында жергиликтүү сотторго судьяларды дайындоо жана жиберүү жөнүндө КР Президентинин Жарлыктарына кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге судьялык кызматка 26 талапкер боюнча сунуштар киргизилген: Жалал-Абад облусунун Аксы (3 адам), Базар-Коргон (5 адам) жана Ала-Бука (1 адам) райондук сотторуна, Жалал-Абад (6 адам) жана Кара-Көл (2 адам) шаардык сотторуна, Ош облусунун Ош шаардык сотуна (6 адам), Кара-Суу (1 адам) жана Чоң-Алай (1 адам) райондук сотторуна, Чүй облусунун Чүй райондук сотуна (1 адам).

2016-жылдын 10- жана 11-мартында  Мамлекет башчысы айрым талапкерлер менен аңгемелешти.

Ар кайсы мамлекеттик органдардан кошумча алынган маалыматтарды жана пикирлерди изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча Президент Алмазбек Атамбаев 8 талапкер боюнча материалдарды Судьяларды тандоо кеңешине кайтарып берди.

Аңгемелешүүнүн жыйынтыктарын жана кошумча материалдарды эске алуу менен Мамлекет башчысы 18 талапкер боюнча аталган Кеңештин сунуштарына макулдугун берди.

Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президенти 3 Жарлык чыгарды.

Биринчи жарлык менен конкурста тандалган 18 талапкер Конституцияга ылайык мөөнөт менен жергиликтүү соттордун судьялык кызматына дайындалышты: Апысова Аида Айдаралиевна; Батыралиев Кайрат Абдуллаевич; Дарманкулов Манасбек Маширапович; Истамкулов Кылычбек Маканбаевич; Кадырова Адинахан Сулеймановна; Курманбеков Темирбек Улукбекович; Курманова Гуляй Эсеновна; Маматов Темирбек Тайырбекович; Миталипов Шарипжан Таштемирович; Миркамилов Нурлан Мирпазылович; Нармырзаев Марклен Алтынбекович; Насирова Ташкан Жумабаевна; Сулайманова Эльмира Миталовна; Туманова Венера Сүйүнбаевна; Үмөталиев Кубаныч Токтомуратович; Ыманбеков Памирбек Жакыпбекович; Эргешов Сулайман Кадырбекович; Эргешова Элиза Исаковна.

Экинчи жарлык менен дайындалган судьялар судьялык ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн Жалал-Абад облусунун Аксы, Базар-Коргон жана Ала-Бука райондук сотторуна, Жалал-Абад жана Кара-Көл шаардык сотторуна, Ош облусунун Ош шаардык сотуна, Кара-Суу жана Чоң-Алай райондук сотторуна, Чүй облусунун Чүй райондук сотуна жиберилди.

- Жалал-Абад облусунун Аксы райондук сотуна:

Батыралиев Кайрат Абдуллаевич;

Дарманкулов Манасбек Маширапович;

Насирова Ташкан Жумабаевна;

- Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук сотуна:

Маматов Темирбек Тайырбекович;

Миталипов Шарипжан Таштемирович;

Нармырзаев Марклен Алтынбекович;

Эргешов Сулайман Кадырбекович;

- Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык сотуна:

Апысова Аида Айдаралиевна;

Сулайманова Эльмира Миталовна;

Үмөталиев Кубаныч Токтомуратович;

- Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык сотуна:

Миркамилов Нурлан Мирпазылович;

Ыманбеков Памирбек Жакыпбекович;

- Ош шаардык сотуна:

Истамкулов Кылычбек Маканбаевич;

Кадырова Адинахан Сулеймановна;

Курманбеков Темирбек Улукбекович;

- Ош облусунун Кара-Суу райондук сотуна :

Туманова Венера Сүйүнбаевна;

- Ош облусунун Чоң-Алай райондук сотуна:

Эргешова Элиза Исаковна;

- Чүй облусунун Чуй райондык сотуна:

Курманова Гуляй Эсеновна.

Үчүнчү жарлык менен Жалал-Абад облусунун Аксы (1 адам), Ала-Бука (2 адам) жана Базар-Коргон (5 адам) райондук сотторунун, Жалал-Абад (3 адам) жана Кара-Көл (1 адам) шаардык сотторунун иштеп жаткан судьялары кызматынан бошотулду.

 

2016-жыл 23-март