Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстандын Беларустагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев эки ишти айкалыштыруу менен Кыргызстандын Латвиядагы, Литвадагы жана Эстониядагы элчиси болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 9-мартта, Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы  Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси, Кыргыз Республикасынын Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Уставдык органдарындагы Туруктуу өкүлү Кубанычбек Касымович Өмүралиевди, Кыргыз Республикасынын Минск шаарындагы резиденциясы менен эки ишти айкалыштыруу менен Кыргыз Республикасынын  Латвия Республикасындагы, Литва Республикасындагы жана Эстония Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси кызматына дайындоо тууралуу Жарлыкка кол койду.

2016-жыл 9-март