Болот Жунусов Кыргызстандын Россиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиcинин кызматынан бошотулду
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 9-мартта, Жунусов Болот Төлөгөновичти Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотуу тууралуу Жарлыкка кол койду.