Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Ош облусунун Ноокат жана Өзгөн райондорунун жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо, жиберүү жана кызматынан бошотуу жөнүндө Жарлыктарга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан Ош облусунун Ноокат, Өзгөн жана Чоң-Алай райондорунун сотторунун судьялык кызматына дайындоо үчүн 12 талапкер, Чүй облусунун Чүй райондук сотунун судьялык кызматына дайындоо үчүн бир талапкер боюнча сунуштар киргизилген.

2016-жылдын 16-февралында Мамлекет башчысы талапкерлердин айрымдары менен аңгемелешти. Анын жыйынтыктарын жана кошумча алынган материаларды эске алуу менен Президент Алмазбек Атамбаев 9 талапкер боюнча аталган Кеңештин сунуштарына макулдугун берди.

Талапкерлер боюнча материалдардын, ар башка мамлекеттик органдардан алынган кошумча маалыматтардын жана ой-пикирлердин жыйынтыгына карап, мамлекет башчысы үч талапкер боюнча материалдарды Судьяларды тандоо кеңешине кайтарып берди.

Буга байланыштуу Президент Алмазбек Атамбаев 3 жарлык чыгарды.

Биринчи жарлык менен конкурста тандалган 9 талапкер: Абдыкахаров Уткирбек Сыдыкалиевич, Артыкова Нуржамал Момунжановна, Бодоев Абдимавлян Көкөнович, Жусупбаев Шумкарбек Болотбекович, Каримбаева Чолпон Маматеминовна, Матраимов Бахтияр Шамшиевич, Омуралиев Бакытбек Эмилбекович, Сарыбаев Омурбек Рыскулович, Шаматов Улан Шайлообекович Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык мөөнөткө жергиликтүү соттордун судьялыгына дайындалды.

Экинчи жарлык менен дайындалган 9 судья судьялык ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Ош облусунун Ноокат жана Өзгөн райондук сотторуна жиберилди.

- Ош облусунун Ноокат райондук сотуна:

Бодоев Абдимавлян Көкөнович;

Жусупбаев Шумкарбек Болотбекович;

Матраимов Бахтияр Шамшиевич;

Омуралиев Бакытбек Эмилбекович.

- Ош облусунун Өзгөн райондук сотуна:

Абдыкахаров Уткирбек Сыдыкалиевич;

Артыкова Нуржамал Момунжановна;

Каримбаева Чолпон Маматеминовна;

Сарыбаев Омурбек Рыскулович;

Шаматов Улан Шайлообекович.

Үчүнчү жарлык менен Ош облусунун Ноокат райондук сотунун иштеп жаткан эки судьясы жана Өзгөн райондук сотунун иштеп жаткан үч судьясы кызматынан бошотулду.

 

2016-жыл 19-февраль