Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Ош шаардык сотунун, Ош областынын Араван жана Кара-Суу райондук жана Чүй областынын Ысык-Ата райондук жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо, жөнөтүү жана бошотуу тууралуу Жарлыктарга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын судьяларын тандоо Кеңеши Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге  Ош шаардык сотунун судьялар кызматына жана, ошондой эле Ош областынын Араван жана Кара-Суу райондук сотторунун,  Чүй областынын Ысык-Ата  жана Чүй райондук сотторунун судьялар кызматына   жаңы талапкерлер боюнча сунуштарды киргизген.

2016-жылдын 10-февралында, 12-февралында Мамлекет башчысы талапкерлердин айрымдары менен аңгемелешти.  Аңгемелешүүнү, берилген кошумча материалдарды эске алуу менен Президент Алмазбек Атамбаев аталган кеңештин 13 талапкер  боюнча сунуштарына макул болду.

Түрдүү мамлекеттик органдардан  кошумча түрдө алынган  маалыматтарды жана  пикирлерди  талдоонун жыйынтыгында Мамлекет башчысы сунуш кылынган 9 талапкер боюнча материалдарды Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешине кайтарып берди.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президенти 4  Жарлыкка кол койду.

Биринчи Жарлык менен конкурс менен тандалган 13 талапкерлер Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык белгиленген мөөнөткө жергиликтүү соттордун судьялыгына  дайындалышты: Авазов Мирзат Абдисатарович, Анарботоева Бубусара Рустамовна, Атаназаров Нурланбек Алайдинович, Батырбеков Жаналы Мамытович, Жалалова Марипат Шерматовна, Кудаяров Жолборс Жээнбаевич, Матисаков Кадырбек Монокбаевич, Омурзакова Арапатхан Абдылдаевна, Садыков Урматбек Асанбекович, Сарыбаев Бакытбек Адилбекович, Сулайманова Айнура Эртабылдиевна, Токтомаматов Кыялбек Жантороевич, Туманбаев Уланбек Бейшеналиевич.

Экинчи Жарлык менен дайындалышкан 13 судья  Ош шаардык сотунун, Ош областынын Араван жана Кара-Суу райондук сотторунун,  Чүй областынын Ысык-Ата  райондук  сотунун судьясынын  ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн жөнөтүлдү.

- Ош шаардык сотуна:

Авазов Мирзат Абдисатарович;

Атаназаров Нурланбек Алайдинович;

Батырбеков Жаналы Мамытович;

Жалалова Марипат Шерматовна;

Кудаяров Жолборс Жээнбаевич;

Матисаков Кадырбек Монокбаевич;

Омурзакова Арапатхан Абдылдаевна;

Сулайманова Айнура Эртабылдиевна;

Туманбаев Уланбек Бейшеналиевич.

- Ош областынын Араван райондук сотуна : Сарыбаев Бакытбек Адилбекович.

- Ош областынын Кара-Суу райондук сотуна: Анарботоева Бубусара Рустамовна, Токтомаматов Кыялбек Жантороевич.

- Чүй областынын Ысык-Ата  райондук  сотуна: Садыков Урматбек Асанбекович.

Үчүнчү Жарлык менен төмөнкү 8 судьядан турган Ош шаардык сотунун  курамы судьялык кызматынан бошотулду: Айбатиев Турсунбай Тургубаевич, Камчыбеков Шерали Равшанбекович, Козуев Абдраим Мырзакматович, Кожомкулов Рамазан Бурканович, Кудаяров Жолборс Жээнбаевич, Матисаков Кадырбек Монокбаевич, Осмонов Баимбек Абдилакович, Сатыбалдиев Болотбек Топчубаевич .

Төртүнчү Жарлык менен Ош областынын башка сотторуна дайындалышкан 3 жергиликтүү соттордун судьялары мурда ээлеген судьялык кызматынан бошотулушту.

 

2016-жыл 19-февраль