Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Москва метросунда аял өмүрүн сактап калган кыргызстандык Марат Исаевди белек сааты менен сыйлады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Москва шаарында метродо адам өмүрүн сактоодо көрсөткөн каармандыгы жана эрдиги үчүн Кыргызстан жараны Марат Исаевди белек сааты менен сыйлоо чечимин кабыл алды.

Мындан тышкары Мамлекет башчысы каарман аракети үчүн сыйлык иретинде Марат Исаевге акчалай жардам берүү буйругун чыгарды.

Президент Алмазбек Атамбаевдин ою боюнча, биздин мекендешибиз чукул кырдаалда жоопкер жарандын жана нукура азаматтын өрнөктүү сапатын көрсөттү.

2016-жыл 15-февраль