Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасынын Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустарынын кээ бир жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  «Кыргыз Республикасынын Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустарынын кээ бир жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө»Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, жергиликтүү кеңештер тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары шайланбагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын
64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
43-беренесинин 5-бөлүгүн, 49-беренесинин 6-бөлүгүн жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесинин 2-бөлүгүн жетекчиликке алуу менен төмөнкүдөй токтом кылынат:

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын сунушу кабыл алынсын жана Чүй облусунун Токмок шаардык кеңеши, Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык кеңеши, Ош облусунун Кара-Суу районунун Сары-Колот айылдык кеңеши, Алай районунун Коңур-Дөбө айылдык кеңеши жана Ноокат районунун Көк-Бел айылдык кеңеши таркатылсын.

Жогоруда аталган жергиликтүү кеңештерге мөөнөтүнөн мурда шайлоо жекшембиге, 2016-жылдын 27-мартына дайындалсын.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогоруда аталган өкүлчүлүктүү органдарына мөөнөтүнөн мурда шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштуруу милдети тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдарынын сметасына ылайык зарыл финансылык каражаттарды бөлүүгө;

- мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин, коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө тийиш.

Токмок жана Майлуу-Суу шаарларынын мэрлеринин милдеттерин аткаруучуларына жана Кара-Суу, Алай жана Ноокат райондорунун мамлекеттик администрацияларынын башчыларына шайлоолорго даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоочулардын тизмесин калыптандыруу, тактоо жана түзүү, уюштуруу жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү боюнча тийиштүү шайлоо комиссияларынын ишине көмөк көрсөтүү милдети тапшырылды.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары жогоруда аталган кеңештердин карамагына таандык документтердин, материалдардын, ошондой эле материалдык-техникалык баалуулуктардын сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө тийиш.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

2016-жыл 11-февраль