Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Евразия экономикалык бирлигине кошулуу процессинин алкактарында Кыргыз Республикасына техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколду ратификацияло жөнүндө Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2015-жылдын 19-июнунда Бишкек шаарында жана 2015-жылдын 22-июнунда Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2015-жылдын 15-мартындагы Евразия экономикалык бирлигине кошулуу процессинин алкактарында Кыргыз Республикасына техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколду ратификацияло жөнүндө” Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 24-декабрында кабыл алынган.

Мыйзамга ыйлайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги  Россия Федерациясынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасы тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө белгиленген тартипте кабарлайт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күндөн кийин күчүнө кирет.

2016-жыл 1-февраль