Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев улуттук маданиятты сактоо жана өнүктүрүү боюнча Кеңешти түзүү жөнүндө Жарлыкка кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 27-январда улуттук маданиятты сактоо жана өнүктүрүү боюнча Кеңешти түзүү жөнүндө Жарлыкка кол койду.

Президент өзү башында турган Кеңеш кыргызстандыктардын жаңы муунун тарбиялоо боюнча мамлекеттик органдардын жана жарандык коом институттарынын ишинин натыйжалуулугун арттыруу, маданий чөйрөдө мамлекеттик саясатты калыптандырууга жана ишке ашырууга чыгармачыл интеллигенциянын, коомчулуктун жана эксперттик жамааттардын өкүлдөрүн тартуу максатында түзүлдү.

Улуттук маданиятты сактоо жана өнүктүрүү үчүн жана Кыргыз Республикасын 2013 – 2017-жылдары туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын тийиштүү жоболорун ишке ашыруу үчүн сунуштарды иштеп чыгуу  Кеңештин негизги милдети болуп саналат.

Кеңештин курамына чыгармачыл интеллигенциянын, коомчулуктун, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү кирди.

 

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук маданиятты сактоо жана өнүктүрүү боюнча кеңештин

КУРАМЫ 

 

Кудайбердиева Гүлмира Каримовна

-

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Кеңештин төрагасынын орун басары;

 

Жакиев Бексултан

-

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, драматург, Кыргыз Республикасынын Баатыры (макулдашуу боюнча);

 

Садыков Тургунбай

-

Кыргыз Республикасынын Көркөм сүрөт улуттук академиясынын ректору, скульптор-монументалист, СССРдин эл сүрөтчүсү, Социалистик Эмгектин Баатыры, Кыргыз Республикасынын Баатыры (макулдашуу боюнча);

 

Бердникова Евгения Александровна

-

“5 Канал” ЖАКтын башкы директору (макулдашуу боюнча);

 

Дүйшеев Шайлообек

-

акын, “Сөз дайрасы” берүүсүнүн алып баруучусу, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, (макулдашуу боюнча);

 

Жумабаев Руслан Сыдыкбаевич

-

“Хан Теңири” фольклордук-этнографиялык ансамблинин жетекчиси (макулдашуу боюнча);

 

Казаков Түгөлбай Токтогулович

-

композитор, публицист, “Улутман” телеберүүсүнүн алып баруучусу, Кыргыз Республикасынын эл артисти (макулдашуу боюнча);

 

Кадырбеков Нуржигит

-

“Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондусунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);

Карыбаева Мира Аскеровна

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары рангындагы этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы;

 

Карыпбеков Илим Майрамбекович

 

-

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);

 

Максутов Алтынбек Аскарович

-

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри;

 

Мамасаидов Махаммаджан Ташалиевич

-

Ош мамлекеттик социалдык университетинин алдындагы Окуу китептерин даярдоо боюнча борборунун директору, профессор, техника илимдеринин доктору;

 

Молдокасымов Кыяс Сатарович

-

профессор, тарых илимдеринин кандидаты, Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас”  фондунун  башкармасынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

 

Мусаев Айбек Ырсалиевич

-

Кыргыз Республикасынын “ЭлТР” мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);

 

Осмонов Болотбек Салбарович

-

А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору (макулдашуу боюнча);

 

Раев Султан Акимович

-

жазуучу, драматург, коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);

 

Саралаева Жанна Урматовна

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын социалдык саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары, Кеңештин катчысы;

Чороев Тынчтыкбек Кадырмамбетович

-

профессор, тарых илимдеринин доктору, Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас”  фондунун  башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);

 

Шер-Нияз Садык

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы, кинорежиссер (макулдашуу боюнча);

 

Эрматов Эгемберди

-

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы.

 

2016-жыл 27-январь