Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Электр энергетикасы жөнүндө» Мыйзамга толуктоо киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  «Электр энергетикасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 10-декабрында кабыл алынган.

Мыйзам чакан электр энергетиканын өнүгүшүнүн негизи болгон укуктук базаны түзүүгө багытталган. 

Кабыл алынган Мыйзам менен «чакан электр энергетикалык өндүрүштүк кубаттуулуктар» деген түшүнүк киргизилүүдө. 

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2016-жыл 22-январь