Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Жогорку-Нарын гидроэлектростанциялар каскадын куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө Россия Федерациясы менен макулдашууларды денонсациялоо тууралуу Мыйзамдарга кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2012-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө макулдашууну денонсациялоо тууралуу” жана “2012-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жогорку-Нарын гидроэлектростанциялар каскадын куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө макулдашууну денонсациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына кол койду.

Бул Мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2016-жылдын 20-январында кабыл алынган.

Мыйзамдарга ылайык, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте Россия Федерациясынын Өкмөтүн Макулдашуунун денонсацияланганы жөнүндө кабарландырат. 

Мыйзамдар расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

2016-жыл 22-январь