Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

2015-жылдын 29-июнунда Пекин шаарында кол коюлган Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкынын макулдашуусунун статьялары ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2015-жылдын 29-июнунда  Кытай Эл Республикасынын Пекин шаарында кол коюлган Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкынын макулдашуусунун статьяларын ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан 2015-жылдын 24-декабрында кабыл алынган.

Ушул Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер  министрлиги Депозитарий болуп саналган Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министрлигине  ратификациялоо жөнүндө грамотаны депонирлөө милдети тапшырылды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2016-жыл 11-январь