Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Айыл инвестицияларынын үчүнчү долбоору) ратификациялоо тууралуу” Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2015- жылдын 12-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Айыл инвестицияларынын үчүнчү долбоору) ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 3-декабрында кабыл алынган.

Айыл инвестицияларынын үчүнчү долбоорунун максаты элет калкынын кедейчилигин жергиликтүү өз алдынча башкаруу институттарынын өздөрүнүн коомчулуктары менен жергиликтүү өнүктүрүү программаларын пландаштыруу жана ишке ашыруу боюнча иштериндеги потенциалын өнүктүрүүнүн эсебинен жоюу болуп саналат.

Ратификацияланган Макулдашуу жергиликтүү деңгээлде тейлөө жана кызмат көрсөтүү сапатын жакшыртууга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айылдык аймактардын территорияларындагы социалдык жана экономикалык инфраструктуранын  сапаттуу обьектилерине жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө шарт түзөт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2016-жыл 8-январь