Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүү киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан 2015-жылдын 26-ноябрында кабыл алынган.

Мыйзам  Кыргыз Республикасынын калкын сапаттуу, натыйжалуу жана коопсуз дары-дармек каражаттары менен камсыз кылуу максатында кабыл алынган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн  тартып  бир ай  өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2016-жыл 6-январь