Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” жана “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүү киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 2016-жылдын 6-январында,  “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” жана “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү  киргизүү  жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан 2015-жылдын 17-декабрында кабыл алынган.

Мыйзамда “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” мыйзамдын 163-статьясына  “депутаттын фонду” деген түшүнүк киргизилет, ал фонд  депутаттык ишмердикти каржылоо үчүн  ар жыл сайын бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын чегинде  түзүлөт.

“Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 5-статьясына киргизилген өзгөртүүдө  Жогорку Кеңештин депутатынын фондунун бухгалтердик эсепти жүргүзүүгө жана финансылык  отчетту түзүүгө карата талаптар Жогорку Кеңештин токтому менен аныкталаары белгиленет.

2016-жыл 6-январь