Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Дары-дармек каражаттары жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Дары-дармек каражаттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан 2015-жылдын 26-ноябрында кабыл алынган.

Мыйзам жаныбарларды дарылоодо пайдаланылган дары-дармек каражаттарын мамлекеттик каттоодон өткөрүү, сапатын, натыйжалуулугун, коопсуздугун экспертизалоо чөйрөсүндө  Өкмөттүн, саламаттык сактоо жана ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын укуктарын аныктоо жана тактоо максатында кабыл алынган.

Ушул максатта “Дары-дармек каражаттары жөнүндө” Мыйзамга жогоруда көрсөтүлгөн чөйрөдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын  айрым укуктарын  жокко чыгаруу жана Өкмөткө, ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берүү боюнча өзгөртүүлөр киргизилди. Тактап айтканда:

- Мыйзамдын  8-беренесинде жаныбарларды дарылоодо пайдаланылган дары-дармек каражаттарын мамлекеттик каттоодон өткөрүү боюнча саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын укуктары кыскартылып, ал ченемдер ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ыйгарылган;

-Мыйзамдын 26, 38 жана 47-беренелерине дагы ошол сыяктуу өзгөртүүлөр киргизилген;

-32-берененин 1-бөлүгүнө киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, дары-дармек каражаттарын маркировкалоо жана жол-жоболоо Өкмөт тарабынан (колдонуудагы редакцияда  - саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын) белгиленген ченемдик документтердин талаптарына жооп берүүгө милдеттүү;

- Мыйзамдын 35-беренеси 2-бөлүк менен толукталат. Анда “эгерде ветеринардык дары-дармектер катталса же Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүгө жана ветеринардык практикада колдонууга уруксат берилген дары-дармектердин тизмегине киргизилсе, аларды Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүү, сатып өткөрүү жана колдонуу Кыргыз Республикасынын ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан жүзөгө ашырылаары” такталат.

Мыйзамдын 32 жана 44-беренелерине мамлекеттик тилде редакциялык өзгөртүүлөр киргизилген.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2016-жыл 6-январь