Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө” Жарлыктарга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  “Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө” Жарлыктарга кол койду.

Кыргыз Республикасынын Президентинин эки Жарлыгы Кыргыз Республикасынын жарандыгына 689 адамды кабыл алуу тууралуу, алардын басымдуу бөлүгү этникалык кыргыздар – тарыхий мекенине кайтып келген Өзбекстан Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын мурдагы жарандары.

Кыргыз Республикасынын Президентинин дагы бир Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын жарандыгынан 175 адам чыгарылат.

Бардыгы: 864 адам.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 7-августундагы № 158  Жарлыгынын тексти >>>

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 7-августундагы № 159  Жарлыгынын тексти >>>

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 7-августундагы № 160  Жарлыгынын тексти >>>

2015-жыл 11-август