Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын жана Ош облусундагы Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагынын административдик-аймактык чек араларын белгилөө жөнүндө» Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын жана Ош облусундагы Кара-Суу районунун  Нариман айыл аймагынын  административдик-аймактык чек араларын белгилөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши  тарабынан 2015-жылдын 29-июнунда  кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты - Казакстан Республикасынын гранттык каражаттарына Ош шаарынын аймагында мектеп куруунун укуктук негиздерин түзүү.

Кабыл алынган мыйзамдын жоболору менен:

- Ош облусундагы Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагынын аталган мектепти  курулушуна бөлүнгөн  2,3 гектар жери  Ош шаарына  өткөрүлүп берилет;

- Ош шаарынын жана Ош облусундагы Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагынын чек араларынын баяндалышы бекитилет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2015-жыл 10-август