Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” Мыйзамга толуктоолор киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 29-июнунда кабыл алынган.

Мыйзам диний ишеними курал пайдаланууга жана Куралдуу Күчтөрдө кызмат кылууга  жол бербеген, катталган диний уюмдардын мүчөсү болгон жарандарды аскерге чакырылган жердеги аскер комиссариаттары аркылуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган, социалдык маанидеги маселелерди алып барган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсебине  акчалай төгүмдөрдү төлөөгө милдеттендирет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2015-жыл 10-август